Ссылки доступа

Нур-Султанда майып балалуу энелер 5 күндөн бери калаа акимчилигинин имаратында түнөп жатышат


Нур-Султанда социалдык жардам берүүнү талап кылган майып балдары бар бир топ аял беш күндөн бери калаа акимчилигинин имаратында түнөп жатат. Алар менен Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги, бир нече депутаттар жолугушту, бирок тараптар бир пикирге келген жок.

Нааразы аялдар майып балдар үчүн социалдык жеңилдик азайтылганын, турак жайга кезекке турууда кыйынчылыктар болуп жатканын билдирүүдө. Энелер бийликтен тезинен үй маселесин чечүүнү, майып балдарды баккан ата-энелерди мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгарууну жана социалдык жардамдарды көбөйтүүнү талап кылышууда.

Былтыр декабрда ондогон аял шаардын акимчилигине бош коляскалар менен келип, турак жай маселесине бийликтин көңүлүн бөлүүгө аракет жасаган.

Бул арада көп балалуу энелердин башка бир тобу да шаардык акимчиликке келип, бийликтен ар бир балага 21 миң теңге жөлөк пул берүүнү сурап жатышат. Malim.kz алардын акимчиликте түнөгөнүнө 10 күн болгонун жазды. Аким менен жолугууга аракет жасаган төрт аялды апта башында полиция кызматкерлери кармап кетишкени айтылууда.

XS
SM
MD
LG