Ссылки доступа

Кыргызстан менен Казакстанда аялдар укугун коргоого арналган жүрүштөр өттү (видео)


Бишкекте 8-мартта «Аялдардын тилектештик маршы» өттү. Ондогон адамдар парламент имаратынын алдына чогулуп, Чүй көчөсүн бойлоп Абдрахмнов көчөсүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелигине барышты.

Активисттер колдоруна “Окуган кыз ордун табат”, “Кыздар баары бир жеңишке жетет”, “Чыныгы эркектер теңдиктен коркушпайт”, “Аялдар үчүн коопсуз жашоо”, “Кызыл камчы сынсын”, "Тынч митингдерге эркиндик" деген жазуулары бар баракчаларды көтөрүп жүрүштү.

Жөө жүрүштү 8/365 кыймылы баштаган бир нече демилгелүү топ уюштурган. Акцияда аялдардын укуктары, гендердик теңдик, зордук-зомбулукка каршы маалыматтар айтылды.

Бул арада Ош шаарындагы активисттердааялдардын укугун коргоого арналган тынч жүрүшкө чыгышты. Ага катышкандар аялдар зомбулугуна каршы ураандарды көтөрүштү. Жүрүш Алишер Навои менен Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинен башталып, шаардык мэриянын жанындагы “Энелердин көз жашы” мемориалдык комплексинде жыйынтыкталды.

Өткөн жылы 8-мартта «Аялдардын тилектештик маршы» белгисиз адамдардын кийлигишүүсү менен үзгүлтүккө учураган. Алар уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен.

Расмий маалыматтарга ылайык Кыргызстанда январь айынан бери 727 үй-бүлөлүк зомбулук Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 1-мартта билдиргендей, зомбулуктун басымдуу бөлүгү Бишкек жана Чүй облустарында болгон. Буга чейин Улуттук статистика комитети аялдарга карата зомбулук 2020-жылы 14%, ал эми үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйгөнүн жарыялаган.

Ал ортодо 8-март аялдардын эл аралык тилектештик күнүнө карата Алматыдагы Ганди айкелинин жанындагы гүлбакта да аялдар маршы өттү.

Айрым активисттер саясий себептер менен кармалган аялдарды бошотууну талап кылган баракчаларды көтөрүп жүрүштү.

Быйыл Алматы акимчилиги биринчи жолу феминисттердин жүрүшүнө уруксат берди.

БУУнун маалыматына караганда, Казакстанда жыл сайын 400дөй аял үй-бүлөлүк зомбулуктан улам көз жумат.

XS
SM
MD
LG