Ссылки доступа

Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг өтүп жатат


Борбордук "Ала-Тоо" аянтында, Ак үйдүн жанындагы митингдин катышуучулары Конституциянын жаңы долбоорун четке кагууну, Жогорку Кеңештин таркашын талап кылууда.

Президент жаңы парламенттик шайлоо дайындап, андан кийин Конституциянын жаңы долбоорун кеңири талкуулоо тууралуу талаптарды айтып жатышат.

Алар "Парламент таркасын!", "Хандыкка жол жок!", "Стоп Ханституция!" деген жазууларды көтөрүп алышкан.

Митингге активисттер, укук коргоочулар, саясатчылар жана башка жарандар катышууда. Журналисттердин эсебинде акцияга 50-60тай киши чыкты.

Ондогон милиция кызматкери тартипке көз салууда. Алар митингдин катышуучуларын тротуардан өткөрбөй курчап турушат.

Уюштуруучулардын бири - “Ханистутицияга каршы” борборунун өкүлү Жеңиш Молдокматов Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда бийлик бир колго топтолуп калганын, ал сөз эркиндигин, адам укугун чектөөгө алып келерин билдирди. Бул документти колдогон парламенттин жоопкерчилиги чоң экенин айтты.

Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-мартта биринчи окууда кабыл алынган.

Расмий маалыматка караганда, аны депутаттардын 87си колдоп, тогузу каршы добуш берди, 21и катышкан жок.

XS
SM
MD
LG