Маалыматка караганда, быйыл январь айында «Алдамчылык» беренеси боюнча Казакстанда 4 миң кылмыш иши козголгон. Бул өткөн жылдын алгачкы айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 30,9% көп.
Кылмыш иштеринин 43% же 1,8 миңден ашыгы интернет алдамчылыкка байланыштуу. Алардын көбү Алматы, Нур-Султан жана Чымкент шаарларында катталган.
— Төрт миңдин ичинен 400гө жакынынын бети ачылды. Бизге кылмыштарды чет өлкөлөрдөгү адамдар жасаганы кыйынчылык жаратууда. Биз маалыматтарды Интерполго жөнөткүчө из жашырып кетип жатышат, — деди ИИМдин расмий өкүлү Нурдилда Ораз.
Буга чейин Казакстандагы бир катар банктар кардарларына интернет алдамчылык күчөп жатканын эскерткен. Алардын маалыматы боюнча шылуундар көбүнчө өздөрүн банк кызматкери катары тааныштырып, жарандарды түрдүү кайрымдуулук акциялары, каржы кызматтары жана белектер тууралуу жалган маалыматтар менен алдап, өз эсептерине акча котортууга аракет кылышат.
ИИМдин маалыматына караганда, быйыл январда алдамчылык схемаларынан улам жалпысынан 1,8 миллиард теңге зыян келтирилген. Бул сумманын 1,1 миллиарды жеке жактарга, 529,9 миллиону мамлекетке жана 82,7 миллиону юридикалык жактарга таандык.