Ссылки доступа

CPJ Душанбени «Озодинин» журналисттерине кол салуу боюнча ыкчам иликтөө жүргүзүүгө чакырды


Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) тажик бийлигин «Озоди» радиосунун журналисттерине кол салуу боюнча ыкчам иликтөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга чакырды.

«Журналисттерге кол салуу боюнча ыкчам иликтөө жүрүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылышы зарыл. Өлкөнүн укук коргоо органдары журналисттердин эч нерседен коркпой эркин иштеши үчүн бардык аракетин көрүшү керек», — деди комитеттин Европа жана Борбор Азия боюнча программаларынын координатору Гульноза Саид.

4-мартта күйүүчү майдын кымбатташы тууралуу сюжет тартып жүргөн Шахло Абдулло менен Муллоражаб Юсуфзодага кол салуу болгон. Айдоочулардын биринен маек алып жаткан журналисттерге май куюучу жайдын кызматкери тоскоолдук кылып, түрткүлөп, бирөөнү ээкке чаап жиберген. Ал май куюучу жайдын жетекчилигинин жазуу түрүндөгү макулдугу жок журналисттердин ал жерде камерага тартууга укуктары жок экенин айткан.

Дарыгерлер ооруканага кайрылган Юсуфзоданын бети шишип кеткенин, ал жакынкы эки жумада дарыланышы керектигин билдиришкен.

Бул окуя боюнча журналисттер өлкөнүн Ички иштер министрлигине арыз менен кайрылышкан. Эртеси «Азия-Плюс» маалымат агенттиги ЖМК өкүлдөрүнө кол салган май куюучу жайдын күзөтчүсү кармалганын кабарлаган.

Видео

Видео

Жаш муундар Элмирбек акынды эскеришти
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:25 0:00
XS
SM
MD
LG