Ссылки доступа

Аткезчиликке айыпталган ооган саясатчысы парламент төрагасынын орун басарлыгынан кетти


Мухаммад Мирзо Катавозай.
Мухаммад Мирзо Катавозай.

Тажикстан аркылуу Бириккен Араб Эмираттарына аткезчилик жол менен 90 килограмм алтын жана 15 млн доллар алып өтүүгө шектелген Мухаммад Мирзо Катавозай Ооганстан парламентинин вице-спикерлик кызматынан ажырады.

«Озодинин» ооган парламентиндеги булагы кабарлагандай, алтын менен валюта аткезчилигине айыпталгандан кийин Мирзо Катавозай өз талапкерлигин вице-спикерликке койгон эмес.

Ооганстан парламентинин жаңы вице-спикери болуп 8-мартта Ахмад Жовид Жайхун шайланганы белгилүү болду. Бул өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, парламентте жылына бир жолу төраганы жана анын орун басарларын шайлоо өтөт.

Буга чейин Ооганстандагы «1» телеканалы өз булактарына шилтеме кылып, тажик бийлиги колго түшүргөн алтын менен акчанын Мирзо Катавозайга тиешеси бар экенин кабарлаган. Саясатчы айыптоолорду четке каккан.

Былтын ноябрда Тажикстандын укук коргоо органдары Душанбе аэропортунда Тажикстан аркылуу Ооганстандан Дубайга 90 килограмм алтын жана 15 миллион доллар алып өтүүгө аракет кылган жети киши кармалганын кабарлаган. 18-февралда өлкөнүн Бажы кызматы бул иштин алкагында үч бажы кызматкери камакка алынганын билдирген. Аларга «шалакылык» жана «документтерди тиешелүү деңгээлде текшерген эмес» деген айыптар тагылган.

XS
SM
MD
LG