Ссылки доступа

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапары башталды


Өзбекстан. Ташкенттеги Ислам Каримов атындагы аэропорт. 11-март, 2021-жыл.
Өзбекстан. Ташкенттеги Ислам Каримов атындагы аэропорт. 11-март, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров башында турган Кыргызстандын делегациясын 11-мартта Ташкент шаарындагы аэропорттон Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.

Эки өлкөнүн желектери илинип, кызыл килем салынып, ардактуу кароол тизилди.

Жапаровдун мамлекеттик сапары эки күнгө созулат. Анын жүрүшүндө өзбек президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Өзбекстандын Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Мыйзам чыгаруу палатасынын төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана премьер-министр Абдулла Арипов менен жолугушуулар белгиленген.

Мындан тышкары соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган кыргыз-өзбек бизнес форумуна да катышат.

Президенттин басма сөз кызматы Ташкенттеги мамлекеттик сапарда саясий жана соода-экономикалык, маданий байланыштарды бекемдөө тууралуу сүйлөшүү болорун кабарлады.

XS
SM
MD
LG