Ссылки доступа

Тажикстанда алтын жана валюта аткезчилиги боюнча Жайхун районунун башкы милиционери кармалды


Хатлон облусуна караштуу Жайхун районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Неъматулло Солехзода кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектелип кармалды. Бул тууралуу «Озодинин» өз булагы билдирди.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) бул маалыматты ырастаган да, четке каккан да жок.

Бул арада өз булактар Неъматулло Солехзоданы кармоо Башкы прокуратуранын буйругу менен ишке ашканын, ал Тажикстан аркылуу Ооганстандан Бириккен Араб Эмираттарына 90 килограмм алтынды жана 15 млн долларды аткезчилик жол менен алып өтүү ишине тиешеси бар экенин билдиришүүдө.

«Төмөнкү Пянж» тажик-ооган чек арасы Жайхун районунун аймагында жайгашкан.

Неъматулло Солехзода Жайхун районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы болуп 2020-жылы январда дайындалган. Ал Тажикстандагы жогорку кызматтагы аткаминердин тууганы экени да айтылууда.

Былтын ноябрда Тажикстандын укук коргоо органдары Душанбе аэропортунда Тажикстан аркылуу Ооганстандан Дубайга 90 килограмм алтын жана 15 миллион доллар алып өтүүгө аракет кылган жети киши кармалганын кабарлаган. 18-февралда өлкөнүн Бажы кызматы бул иштин алкагында үч бажы кызматкери камакка алынганын билдирген. Аларга «шалакылык» жана «документтерди тиешелүү деңгээлде текшерген эмес» деген айыптар тагылган.

Буга чейин Ооганстандагы «1» телеканалы өз булактарына шилтеме кылып, тажик бийлиги колго түшүргөн алтын менен акчанын ооган парламентинин төрага орун басары Мирзо Катавозайга тиешеси бар экенин кабарлаган. Саясатчы айыптоолорду четке каккан.

XS
SM
MD
LG