Ссылки доступа

Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо аягына чыгарылат


Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын линиясын укуктук жактан аныктоону аягына чыгаруу маселеси 11-мартта эки өлкөнүн президенттеринин Ташкент шаарындагы жолугушуусунда каралды.

Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев биргелешкен билдирүүсүндө жазылды.

Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын аныктап, аны достуктун, ынак коңшулуктун жана кызматташтыктын чек арасына айландыруу зарылчыл экенин баса белгилешти.

2017-жылдын 5-сентябрында кол коюлган "Кыргыз-Өзбек Мамлекеттик чек арасы жөнүндө" келишиминин тарыхый маанисин тастыктап, эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларына чек аранын калган тилкелерин делимитациялоону аяктоо үчүн сүйлөшүү процессин жандантууну тапшырышты.

Президенттер 2004-жылдын 24-июлундагы “Транзиттик өткөрүү бекеттери тууралуу” кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуунун маанилүүлүгүн да эске алышты. Бул соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кызматташууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Буга чейин кабыл алынган бардык эл аралык укуктук актыларды, анын ичинде 2017-жылдын 6-октябрындагы Чек ара аймагындагы ишенимди бекемдөө чаралары боюнча макулдашууну карманарын ырасташты.

Бул тууралуу Кыргызстандын президенттик аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барды. Анын алкагында Ташкент шаарында бул өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Жапаров Ташкентте парламент жана өкмөт жетекчилери менен да жолугушуу өткөрүп, кыргыз-өзбек бизнес форумунун ишине катышат.

Кыргыз мамлекетинин башчысы катары Жапаров алгач иш сапар менен Орусияга, андан кийин мамлекеттик сапар менен Казакстанга барып келди.

XS
SM
MD
LG