Ссылки доступа

Самаркандда жумушсуз жаштарга бөлүнүп берилген айдоо жерлери кайра алынды (видео)


Самарканд облусунун Кошрабад районундагы Кийким маалесинде айыл чарба иштери үчүн жумушсуз жаштарга бөлүнүп берилген айдоо жерлери кайра алынды.

24-февралда акимдин жаштар иштери боюнча орун басары Холбек Кубаев аталган мааленин 14 тургунуна 40 сотыхтан жер бөлүнүп берилгенин билдирген.

«Жумушсуз жаштарга айдоо жерлерин бөлүп берүү жараяны башталды. Бүгүн түзүлгөн тизме боюнча Кийким маалесиндеги жумушсуз жаштарга жер берилүүдө. Жакында башка маале тургундарына да бериле баштайт», — деген ал.

Бирок жергиликтүү жаштар райондук акимчиликтин өкүлдөрү жер тилкелери катачылык менен берилгенин айтып, кайра алып коюшканын билдиришүүдө.

– Бул жаштарды жумуш менен камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатат деген отчет үчүн жасаландай сезилүүдө. Бизге жер катачылык менен берилгенин айтып, башка жерден 25 сотыхтан берилет деп алдап жатышат. Жер бөлүп бере албагандан кийин тургундарды үмүттөндүрбөй эле коюшса жакшы болмок, — деди жергиликтүү тургундардын бири.

Кийким маалесинин төрагасы жаштарга бөлүнүп берилген жерлердин эмнеге кайра алынганы боюнча маалыматы жок экенин билдирүүдө.

Өз кезегинде район акиминин айыл чарба иштери боюнча орун басары Мухтор Кувондиков жерлер кайра кайтарылганы боюнча маалыматтарды четке кагууда.

– Жумушсуз жаштарга бөлүнгөн жер тилкелери алынып, башка адамдарга берилген бир да учур болгон жок. Биз жаштарга аталган аймактан жер берүү үчүн документтерди даярдадык, — деди Кувондиков.

Өлкө президенти Шавкат Мирзиёев быйыл 27-январдагы жыйында фермердик чарбалар жумушсуз жаштарга айдоо жерлерин бөлүп бериши керектигин билдирген.

Мамлекеттик статистикалык маалыматтар боюнча 2020-жылы Өзбекстанда жумушсуздук 13% түзгөн. Бирок айрым талдоочулар чыныгы сандар расмий билдирүүлөрдөн алда канча жогору болушу мүмкүн экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG