«Оңтүстік Жарық Транзит» компаниясынын өкүлү электр жарыгы өчкөнү тууралуу маалыматтар 13-марттан баштап келе баштаганын билдирди.
Борошодон кийин аймакта температура төмөндөгөн. Трассадагы жарык мамылары кулап, жолдо тыгын пайда болгон.
«14-мартта Кентау шаарында жарык толугу менен калыбына келтирилди. Ал эми Байдибек, Отырар жана Ордабасы райондорунда жумуш жүрүп жатат», – деди Жаксыбаев.
Түркстан облусунун акимчилиги Кентау шаарында жылуулук станциясы иштен чыкканын билдирди. 14-март күнү күндүз калаада жылуулук кайра кошулган. Жалпысынан эки шаар жана үч райондо миңден ашуун мамы кулаган.
13-мартта Түркстан облусундагы катуу шамаал жана кардан улам аймактык жана республикалык деңгээлдеги бир нече жол жабылган.