Ссылки доступа

Өзбекстан Сенаты башаламандыкка чакырык жасоо үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү сунушун жактырды


Өзбекстандын Сенаты массалык башаламандыкка чакырык жасоо үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун жактырды.

Өлкөнүн Кылмыш кодексинин «Массалык башамандыктар» тууралуу беренесине сунушталган өзгөтүүлөргө ылайык, ага «Бийлик өкүлүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө чакырык жасоо», «Массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» жана «Жарандарга карата зомбулук кылууга чакырык жасоо» деген жаңы бөлүмдөр киргизилет. Буларды бузгандар үчүн 100дөн 300гө чейинки базалык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул төлөө, эки жылга чейин коомдук жумуштарды аткаруу, 3-5 жылга эркиндигин чектөө же 3-5 жылга камакка алуу жазалары каралган.

Ушундай эле аракеттерге топ адамдар барса же ЖМКлар жана интернет аркылуу чакырык жасаса 300дөн 400гө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул төлөп, 2-3 жылга коомдук жумуштарга тартылып же 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Мындан тышкары өлкөнүн Административдик жоопкерчилик тууралуу кодексине да өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, мыйзамды аткарбоого же бузууга чакырык жасагандар 60тан 80ге чейинки базалык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул төлөшөт.

Өзгөртүүлөргө ылайык, сайттардын ээлери менен блогерлер өз баракчаларына мониторинг кылып, массалык башаламандыкка, жарандарга зомбулук көрсөтүүгө жана митингдерге катышууга чакырык жасаган билдирүүлөрдү өчүрүп турууга милдеттүү болушат.

XS
SM
MD
LG