Ссылки доступа

IKEA компаниясы Өзбекстанда курула турган фабрикасы тууралуу кабардар эмес


Үй-тиричилик буюмдарын өндүргөн дүйнөгө белгилүү IKEA компаниясы «Свобода» радиосуна Өзбекстанда фабрика салынары жөнүндө маалыматты четке какты.

8-февралда Ташкент облусунун башчысы Даврон Хидоятов президент Шавкат Мирзиёевге аймакта ишке аша турган инвестициялык долбоорлорду көрсөткөн. Өзбек ММКлары аткаминер IKEA компаниясы 52 миллион долларга инновациялык фабрика кура турганын, бул үчүн 5,5 гектар жер бөлүнгөнүн айтканын кабарлашкан.

Жергиликтүү басылмалар IKEA инновациялык фабриканы 22 айдын ичинде салууну пландап жатканын жазышкан. Бирок компания бул маалыматты четке какты.

IKEA компаниясынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта 2025-жылга карата компания кардарларын көбөйтүү үчүн жаңы 12 рынокко чыгууну пландап жатканы, Өзбекстан бул долбоордо жок экени айтылган.

XS
SM
MD
LG