Ссылки доступа

Казакстанда сот чечимине нааразы жарандар «Нур Отанга» санкция салуу өтүнүчү менен ЕБга кайрылышты


Жарандык активист Санавар Закирова баштаган сот чечимине нааразы бир топ киши 16-мартта Евробиримдиктин Казакстандагы өкүлчүлүгүнө арыз тапшырып, Казакстандын бир катар жогорку кызматтагы аткаминерлерине санкция салууну сурады.

Алар арызда көрсөтүлгөн чиновниктер жарандардын конституциялык укуктарын бузууда деп эсептешет.

Закирова 13 кишинин атынан арыз тапшырганын айтты.

Жакында түрмөдөн бошонуп чыккан 52 жаштагы Санавар Закирова саясий себептерден улам соттолгонун билдирип, Казакстанда бийлик саясий атаандаштарды куугунтуктап жатканын белгиледи. Ал Евробиримдикти 2019-жылы отставкага кеткенине карабай, ири ыйгарым укуктарды сактап калан мурдагы президент Нурсултан Назарбаевге санкция салууга чакырды.

—«Нур Отан» партиясынын төрагасы Нурсултан Назарбаев менен анын орун басары Бауыржан Байбекти атадым. Мындан тышкары Жогорку соттун төрагасы Жакип Асанов, ички иштер министри Ерлан Тургумбаевди дагы, алар да «Нур Отандын» мүчөлөрү. Алар партиянын мүдөсүн көздөп, мага каршы мыйзамсыз чечим чыгарышкан. Ушул кишилер Казакстандагы жарандардын укугун бузуп келишет. Ошондуктан «Нур Отан» партиясынын башчыларына жана анын бир катар мүчөлөрүнө санкция салууну сурадым, - деди Санавар Закирова.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Казакстанды адам укуктарын бузууга айыптап келет. 11-февралда Европарламент жалпы сессияда көпчүлүк добуш менен «Казакстандагы адам укуктарынын абалы жөнүндө» резолюция кабыл алган. Бул 2009-жылдан бери Европарламенттин Казакстанга арналган бешинчи резолюциясы болуп эсептелет.

Резолюцияда соңку учурларда Казакстанда адам укуктарына байланыштуу абалдын начарлашы жана жарандык коомдун үнүн басуу аракети тынчсызданууларды жаратып жатканы айтылган.

Видео

Видео

Жалал-Абаддагы эмдөө: элдин маанайы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:48 0:00
XS
SM
MD
LG