Ссылки доступа

Америкалык эксперттер Өзбекстандагы плотиналардын коопсуздугун изилдешет


15-28-март аралыгында гидротехникалык курулуштар боюнча америкалык эксперттер Өзбекстандын мамлекеттик техникалык инпекциясы менен бирге суу сактагычтардын абалын текшеришип, Гиссар менен Тупаланг плотиналарын карап чыгышат.

Маалыматка караганда, чет өлкөлүк адистер Өзбекстанга АКШ армиясынын аскер инженерлери корпусу (USACE) менен түзүлгөн макулдашуунун алкагында келишти.

Эксперттер гидрокурулуштардын физикалык абалы менен бүтүндүгүн изилдешип, алардын иштен чыгуу ыктымалдуулугун анализдешет.

Бул жараянда объектилердин техникалык документтери гана каралбастан, плотиналар заманбап жабдуулар менен текшерилет. Изилдөөнүн жыйынтыгында потенциалдуу авариялардын моделдерин түзүү, алардын кесепеттерин анализдөө, плотиналардын техникалык мониторинги жана коопсуздук деңгээлин жогорулатуу боюнча сунуштар берилет.

Быйыл январда USACE суу сактагычтардын коопсуздугуна жооп берген өзбекстандык адистер үчүн онлайн-тренингдерди өткөргөн.

Сырдарыя облусундагы Сардаба суу сактагычы былтыр 1-майда жырылып кетип, алты киши каза болгон. Анын кесепетинен 24 айылдан 90 миңдей киши шашылыш коопсуз жакка көчүрүлгөн.

Ал эми коңшу Казакстандын Түркстан облусунун бир канча айылдарын суу каптап, 10 миңден ашуун адам үй жайын таштап кетүүгө аргасыз болгон. Расмий маалыматка ылайык, табигый кырсыктын кесепетинен 900гө жакын үй жашоого жараксыз деп табылып, 5624 гектар эгин аянты суунун астында калган. Казакстан жалпысынан келтирилген зыяндын көлөмү 950 миң доллар болгонун санап чыккан.

XS
SM
MD
LG