Күн сайын жүздөгөн кишилер борбордук аянтка келип, узуну – 30, туурасы – 16 метр болгон «Суманактын» жанында сүрөткө түшүшүүдө.
15-февралда Тажикстандын COVID-19 инфекциясынын жайылышына каршы республикалык штабы Нооруз майрамын белгилөөгө уруксат берген. Штаб бул майрамды ата-бабаларды жана улуттук баалуулуктарды сыйлоо иретинде белгилөө керек экенин маалымдаган.
Бийлик санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди эске алуу менен маданий, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө макул болгон.
Былтыр Тажикстан Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун эскертүүсүнө карабай, Хожентте Нооруз майрамын 12 миң кишинин катышуусунда жапырт түрдө белгилеген. Концертке президент Эмомали Рахмон да катышкан. Нооруз өлкөнүн башка аймактарында да белгиленген. Тажик бийлигинин пандемия учурундагы бул аракети башка өлкөлөрдө кескин сынга алынган.
Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги январдан тарта өлкөдө коронавирус жуктурган бир да учур каттала электигин билдирип келет. Расмий маалыматтарга ылайык, пандемия башталгандан бери Тажикстанда 13 38 киши вирус жуктуруп, 90 бейтап көз жумган.