Ссылки доступа

Ферганада бейтапты электрошокер менен кыйнаган наркодиспансердин дарыгери иштен алынды (видео)


Фергана облустук прокуратурасы мас абалындагы бейтапты электрошокер менен кыйнаган Наркологиялык диспансердин дарыгерине карата тергөө иштерин баштады.

13-мартта социалдык түйүндөргө Фергана облустук наркологиялык диспансердин дарыгери бейтапты электрошокер менен кыйнап жатканы тартылган видео жарыяланган. Анда ак халат кийген адам керебетте отурган кишиге колундагы белгисиз буюм менен тийген кезде чыртылдаган үн чыгып, жалын пайда болгонун көрүүгө болот. Видеодо бейтап ага чейин өзүн агрессивдүү алып жүргөн-жүрбөгөнү, ак халатчан адамга кол салган-салбаганы көрүнгөн эмес.

Фергана облустук саламаттык сактоо башкармалыгынан бул окуя 13-март күнү кечинде облустук наркологиялык диспансерде болгонун билдиришти.

– Окуя өткөн ишемби күнү кечинде болгон. Наркодиспансердин кызматкери мас абалында жеткирилген кишиге карата бир нече жолу электрошокер колдонгон. Мас кишини коштоп келген адам бул учурду видеого тартып алып, блогерлерге берген. Өз кезегинде алар видеону социалдык түйүндөргө чыгарып жиберишкен. Мас киши эртеси бизге келип, кызматкерге карата эч кандай дооматы жок экени тууралуу арыз жазып кеткен, — деди мекеменин өкүлү.

Ал мас бейтапка карата электрошокер колдонгон кызматкер убактылуу иштен алынганын кошумчалады.

Бул учур тартылган видео соцтүйүндөргө жарыялангандан кийин ферганалык блогерлердин тобу наркодиспансерге барып, күнөөлүү дарыгерди жазалоону талап кылышкан.

Блогер Элёрбек Тажибаев аталган жайда дарыланып кеткен адамдардын биринин интервьюсун жарыялады. Анда ал наркодиспансерде бейтаптар дайыма кыйноого алынарын, кызматкерлердин мындай аракеттеринен кийин өзү майып болуп калганын айтып берген.

Азырынча жооптуу мекемелер Фергана облустук наркологиялык диспансердеги кыйноо учурлары тууралуу бул билдирүүлөр боюнча комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG