Ссылки доступа

РСЕ/РС президенти Крымда фрилансер Владислав Есипенконун камалышын айыптады


Владислав Есипенко. 16-февраль 2021-жыл

Эркин Европа/Азаттык радиосунун (РСЕ/РС) президенти Жейми Флай аннексияланган Крымдагы радионун штаттан тышкаркы кабарчысы Владислав Есипенконун камакка алынышын айыптады.

Орус жана украин жарандыгына ээ Есипенко 10-мартта «Украинанын атайын кызыкчылыгы үчүн» маалымат топтогону үчүн кармалган. Бул тууралуу Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы 16-мартта билдирди.

«Кремль Орусия тарабынан аннексияланган Крымдагы бардык альтернативдүү пикир айткандарды куугунтуктап, коркутуп жатат. Биздин штаттан тышкаркы кабарчыбыздын кармалышы тынчсызданууну жаратат. Есипенко тез арада бошотулушу керек», — деп билдирди Флай.

Украинанын тышкы чалгын кызматы «орусиялык атайын кызматтын чагымдарына» комментарий бербей турганын билдирди.

«Крым оккупациясынын жылдыгынын алдындагы мындай пропагандалык акция — жарым аралдагы көптөгөн ички көйгөйлөрдөн көңүлдү башка жакка буруу үчүн ыңгайлуу», — деди мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, Есипенко «Мыйзамсыз ок атуучу курал даярдоо» жана «Мыйзамсыз курал-жарак даярдоо» беренелери боюнча айыпталууда. Мекеме Есипенконун өзүнүн көрсөтмөсүнө шилтеме кылып, ал «Украинанын Тышкы чалгын кызматынын полковнигинин тапшырмасы боюнча Украинанын кызыкчылыгы үчүн маалымат топтоп, өзүнүн жеке коопсуздугу үчүн автоунаасында колго жасалган жардыруучу зат алып жүргөнүн» билдирүүдө.

Орусияда бул беренелер менен күнөөлүү деп табылгандар үчүн алты жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Ал ортодо украиналык укук коргоочулар биргелешкен билдирүү жасап, орус бийлигин Есипенкону бошотууга, Украина менен эл аралык коомчулукту жарым аралдагы куугунтуктар үчүн Орусияга басымды күчөтүүгө чакырышты.

Видео

Видео

Багбанчылыктан баар тапкан Урмат Акматов
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:09:28 0:00
XS
SM
MD
LG