Ссылки доступа

АКШ Навальныйдын ууландырылышына байланыштуу Орусияга жаңы санкцияларды киргизди


АКШнын Соода министрлиги оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын жана Сергей Скрипаль менен кызы Юлиянын ууландырылышына байланыштуу Орусияга каршы жаңы сакцияларды киргизди. Бул тууралуу мекеменин сайтындагы билдирүүдө айтылат.

«Өлкөнүн ичинде да, сыртында да нервди шал кылуучу заттарды колдонуу менен Орусиянын өкмөтү Химиялык куралдарга тыюу салуу тууралуу конвенция боюнча алган милдеттенмелерин бузууда. Ошону менен катар орусиялыктардын жана башка өлкөлөрдүн жарандарынын өмүрүнө коркунуч жаратууда», — деп жазылган министрликтин билдирүүсүндө.

Санкциялар 18-мартта күчүнө кирет. Чектөөлөр улуттук коопсуздукка байланышкан товарларды, жабдууларды, технологияларды жана программалык камсыздоолорду Орусияга экспорт жана реэкспорт кылууга тиешелүү.

Марттын башында АКШ Навальныйдын ишине байланыштуу Орусиядагы, Германиядагы жана Швейцариядагы 14 уюмга каршы санкция киргизген. Ал тизмеге Орусиянын Коргоо министрлигине караштуу 27 илимий борбор, «Химмед», «Фемтеко», «Интерлаб», «Лабинвест», «Аналит продактс», «Интертех инструментс», «Рау фарм», «Регионснаб» жана «Фармконтракт» компаниялары кирген. Вашингтон бул уюмдардын массалык жок кылуучу жана химиялык куралдарды даярдоого, жайылтууга тиешеси болушу мүмкүн экенин билдирген.

Ага чейин АКШнын Каржы министрлиги Навальныйдын ишине байланыштуу Орусиянын жогорку даражалуу жети аткаминерине, анын ичинде Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортниковду, президент Владимир Путиндин администрация жетекчисинин орун басары Сергей Кириенкону, коргоо министринин орун басары Алексей Криворучкону, башкы прокурор Игорь Красновду жана Федералдык жаза аткаруу кызматынын директору Александр Калашниковду санкциялык тизмеге киргизген.

XS
SM
MD
LG