Анын айтымында, бул вакцина 75 миң кишини эмдөөгө жетет.
«Мындан тышкары Кыргызстан менен Орусия президенттеринин ортосунда биздин өлкөгө «Спутник V» вакцинасын бөлүп берүү тууралуу макулдашуу болгон. Бул боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат, жакынкы күндөрү ал вакциналар да келет деп күтүп жатабыз», — деди министр.
Бейшеналиев Саламаттык сактоо министрлиги COVAX программасынын алкагында алына турган AstraZeneca вакцинасы боюнча чечим кабыл алуу үчүн иликтөөлөрдүн жыйынтыктарын күтүп жатканын кошумчалады.
«Алгач биз AstraZeneca вакцинасынан 1,2 миллион доза алуу боюнча макулдашканбыз, кийин анын саны 2,6 миллион дозага чейин көбөйтүлдү. Бирок акыркы күндөрү Европа өлкөлөрүндө бул вакцина менен эмделген айрым адамдарда тромб пайда болуп жатканы тууралуу кабарлардан улам, изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын күтүп жатабыз. AstraZeneca’нын зыяндуулугу аныкталса, анда андан баш тартууга туура келет. Программада башка вакциналар да бар, бизге ошолор сунушталышы мүмкүн», — деди министр.
Анын айтымында, өлкөдө коронавируска каршы эмдөө иштерин апрелде баштоо пландалууда.
Буга чейин AstraZeneca менен эмделген айрым адамдардын тамырында тромб пайда болгонуна байланыштуу Дания, Норвегия, Исландия, Италия, Германия, Франция, Испания жана Болгария аталган вакцинаны колдонууну убактылуу токтотушкан.