Премьер-министр жолугушууда мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоо саясий кризистен чыгуунун эң жакшы жолу деген жыйынтыкка келгенин билдирди.
Армян аскерлери былтыр күзүндө Азербайжанга каршы Тоолуу Карабак үчүн кармашта жеңилүү ызасын тарткандан кийин оппозиция Пашиняндын кызматтан кетишин талап кылып келет.
Оппозициялык партиялардын коалициясы Пашинянды бийликти убактылуу өкмөткө өткөрүп берүүгө мажбурлоо максатында Ереванда жана өлкөнүн башка аймактарында өкмөткө каршы ири нааразылык жыйындарды өткөрүп келатат.