Ссылки доступа

Казакстанда журналисттерди аккредитациялоо жөнүндө жаңы эреже кабыл алынды


Казакстандын Маалымат жана коомдук өнүгүү министрлиги журналисттердин нааразылыгына карабай, аккредитация тууралуу жаңы эрежелерди кабыл алды.

Документте журналисттер басма сөз жыйынынын темасын сактап, модератордун талабын аткарууга милдеттендирилген. Буга чейин сөз эркиндигин коргоо уюмдары менен журналисттер бийлик ушул эрежелерди пайдаланып, өзүнө жакпаган ЖМК өкүлдөрүн «аккредитациядан ажыратышы ыктымал» экенин билдиришкен.

Zan.gov.kz сайтында жарыяланган документте аккредитация эрежелери бардык министрликтер менен макулдашылганы белгиленген. Бул арада эреже медиа коомчулугу менен талкууланган эмес.

Жуналисттерди аккредитациялоо эрежелеринин долбоорун өкмөт иштеп чыгып, февралда талкууга койгон.

Маалымат жана коомдук өнүгүү министри Аида Балаева жергиликтүү ЖМКларга берген маегинде жаңы эреже басма сөз жыйынында талкуулана турган теманы башка нукка бурбай, кенен ачып берүүгө негизделгенин, журналисттердин укугун чектебей турганын айтты.

Буга чейин «Укуктук медиа борбору» журналисттерди аккредитациялоо эрежеси тууралуу жобону ар түрдүү чечмелөө мүмкүн экенин, натыйжада журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаралышынан кооптонуп жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG