Рогун ГЭСинин дирекциясы 23-мартта «Озодиге» курулуш компаниялары маяна боюнча карызды жабышканын тастыктады.
Бул арада «Асри нур» компаниясынын жумушчусу Парвиз Саломов кызматкерлерге үч айдын маянасы гана төлөнүп берилгенин, көбү белгиленген суммадан азыраак акча алганын айтты.
«Асри нурда» 160 курулушчу иштейт.
Былтыр Рогун шаарынын инженердик-техникалык колледжинин окутуучулары бир нече айдан бери маяна берилбей жатканына даттанышкан. Колледж «Рогун ГЭСи» ачык акционердик коомунун балансында. Кийинчерээк гидрокурулушчулар тобу беш айдын айлык акысын ала элек экенин айтышкан.
Жумушчулар ГЭСте 25 миң адам иштеп жатканын, алардын ичинен италиялык жана орусиялык компаниялардын жумушчулары гана айлыктарын убагында алышарын кабарлашкан.
Рогун ГЭСин куруу долбоору совет мезгилинде эле иштелип чыккан, бирок өлкөдөгү жарандык согуштан улам курулушу башталган долбоор токтоп, 2016-жылы гана улантылган.
Рогун ГЭСи алты агрегаттан турат. Долбоор толугу менен бүткөн соң жылына 17 миллиард кВт электр энергиясын өндүрөт. Тажик бийлигинин пикиринде, ГЭС бир эле Тажикстанды эмес, Ооганстан жана Пакистанды дагы электр кубаты менен камсыздоого кудуреттүү.