Ссылки доступа

Орусия Түркиядан Алеппону аткылаган жоочуларды издөөгө жардам берүүнү өтүндү


Александр Карпов
Александр Карпов

Орусия Сириянын Алеппо шаарын аткылаган жоочуларды издөөгө жардам берүү өтүнүчү менен Түркияга кайрылды. Бул тууралуу 24-мартта Сирияда согушуп жаткан тараптарды жараштыруу боюнча борбордун жетекчисинин орун басары, контр-адмирал Александр Карпов билдирди.

Анын айтымында, 21-мартта жоочулар Кафр-Ханни калктуу конушунан Алеппону алты реактивдүү ракеталык система менен аткылаган. Жыйынтыгында эки киши каза болуп, 17 жай тургун жаракат алган.

«Жалпысынан Сириядагы ок атууну токтотуу режими сакталууда. Бирок күн ара «Жебхат ан-Нусра» террордук тобу тараптан аткылоо фактылары катталууда», — деди Карпов.

Буга чейин Түркиянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Сириянын Идлиб провинциясы менен түрк аскерлери жайгашкан райондору аткыланып жатканына байланыштуу Орусиянын Анкарадагы элчиси Алексей Ерховго тынчсыздануусун билдирген. Түрк тарап бул чабуулдар түрк-орус сүйлөшүүсүндө деэскалация аймагы катары аныкталган райондордун коопсуздугуна коркунуч жарата турганын белгилеген.

Апта башында батыш маалымат каражаттары Сириянын куралдуу оппозициясындагы өз булактарына шилтеме кылып, Идлиб жана Алеппо провинцияларындагы соккуларды Сирия өкмөтү менен Орусиянын авиациясы жасаганын кабарлашкан. Маалыматка ылайык, алардын Алепподогу Аль-Атареб ооруканасына багытталган артиллериялык аткылоосунан бир нече бейтап каза болуп, ондон ашык медицина кызматкери жаракат алган. Мындан тышкары Орусия авиациясы Идлибдеги Баб Эль-Хав чек ара өтмөгүнө сокку уруп, гуманитардык жүк жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратуу коркунучу жаралган.

Александр Карпов 22-марттагы брифингде Алепподогу жай тургундар жоочулардын реактивдүү снаряддар менен аткылоосунан жабыркаганын билдирген.

Сириядагы согушта Түркия менен Орусия эки башка тарапты колдошот. Москва президент Башар Асадды өнөктөш деп эсептеп, ага террордук топторго каршы күрөшүүгө жардам берип жатканын билдирип келет. Анкара болсо Асаддын отставкасын талап кылып жүргөн оппозициянын бир бөлүгүн колдойт.

XS
SM
MD
LG