Ссылки доступа

Орусия 1-апрелден тартып Өзбекстан менен туруктуу аба каттамдарын жандандырат


Орусия 1-апрелден тартып Германия, Шир-Ланка, Венесуэла, Сирия, Тажикстан жана Өзбекстан менен туруктуу аба каттамдарын жандандырат. Бул тууралуу Орусиянын Коронавируска каршы күрөшүү боюнча федералдык ыкчам штабы билдирди.

Орусия өкмөтү тиешелүү чечимди аталган өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалды эске алуу менен кабыл алды.

Азырынча Москва-Ташкент-Москва багыты боюнча жумасына бирден каттам аткарылып турары белгилүү.

Ыкчам штаб Орусияга кирер алдында жүргүнчүлөрдөн 72 сааттын ичинде тапшырылган ПЧР тесттин жыйынтыгы талап кылынарын белгилейт.

Орусия коронавирус пандемиясынан улам былтыр 27-мартта башка өлкөлөр менен туруктуу жана чартердик аба каттамдарын токтоткон. Жүк ташуу жана санитардык учууларга чектөө киргизилген эмес. Августтан кийин айрым мамлекеттер менен аба каттамдарын калыбына келтирген.

XS
SM
MD
LG