Парктын сайтында жайгаштырылган билдирүүдө «туристтик жана рекреациялык ишмердүүлүк үчүн» жер тилкелерин узак мөөнөттүү (25 жыл) жана кыска мөөнөттүү (беш жыл) колдонууга берүү боюнча тендер өткөрүү пландалып жатканы жазылган.
Билдирүүгө ылайык, Чоң-Алматы токой чарбачылыгынан 140 гектар жерди тоо-лыжа курортун жана Ыссык чарбасынан 20 гектарды «туристтик комплекс» куруу үчүн бөлүп берүү каралууда. Мындан тышкары Кичи-Алматы, Каменск, Каскелең, Талгар жана Түрген токой чарбаларындагы жерлерди да жеке тараптарга берүү пландалууда.
Жеке тараптарга берүү каралып жаткан 35 жер тилкесинин жалпы аянты 186,6 гектарды түзөт. Алардын 172 гектары көп жылдык ижарага берилет.
Маалыматка караганда, бул жерлер боюнча тендерлерди быйыл 26-30-апрель күндөрү өткөрүү пландалууда.
Өткөн жылы бийлик Иле-Алатоо улуттук паркындагы 35 гектар жерди экотуризмди өнүктүрүү ниетин билдирген жеке компанияга 49 жылдык мөөнөткө ижарага берген.