Ссылки доступа

Өзбекстандагы алгачкы көз карандысыз кесиптик кошуун басымга кабылганын билдирүүдө


Өзбекстандын тарыхындагы алгачкы көз карандысыз кесиптик кошуундун активисттери бийликтин басымына кабылып жатышканын билдирүүдө.

Быйыл 19-мартта түзүлгөн «Калк бирлиги» деп аталган кошуундун төрайымы Роза Агайдарованын айтымында, Акалтын районунун жетекчилиги кошуунга мүчө болуп кирген фермерлерге басым жасап, алардын жер тилкелерин алып коюшарын айтып опузалаган.

«Акалтын районунун башчысы Дилмурод Фозилов менин бир нече жардамчыма телефон чалып опузалаган. Аларга «эмнеге бул кошуунга кирип, курултайына бардыңар? Уюм мыйзамсыз, бул үчүн жооп берисиңер» деп басым жасаган», — деди Агайдарова.

Ал мындан тышкары ага Сырдарыя облустук кесиптик кошуундун жетекчилери телефон чалып, биригүүнү сунуштаганын кошумчалады.

«Облустук кошуундун башчысы жана анын орун басары телефон чалып, Республикалык федерация биздин ишибизге нааразы экенин, өлкөдө көз карандысыз кесиптик кошуундар болушу мүмкүн эмес экенин жана аларга кошулушубуз керектигин айтышты. Мен 2019-жылдагы мыйзам боюнча көз карандысыз уюмдар аларга кошулууга милдеттүү эмес экенин айттым», — деди Агайдарова.

19-мартта Сырдарыя облусунун Сардоба районундагы «Индорама Агро» ишканасынын жумушчулары курултай өткөрүп, Өзбекстандын тарыхындагы алгачкы көз карандысыз кесиптик кошуун түзүлгөнүн жарыялашкан. Роза Агайдарова жаңы уюм өлкөдө 1991-жылдан бери иштеп келген жалгыз Кесиптик кошуун үчүн атаандаштык чөйрө түзөрүн айткан.

XS
SM
MD
LG