Ссылки доступа

Алматыда 19 жаштагы кыздын жиликтелген сөөгү табылды (видео)


Казахстан в шоке от жестокого убийства молодой студентки в Алматы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00

Алматы шаарындагы батирлердин биринде 19 жаштагы Аяжан Едилова аттуу кыздын жиликтелген сөөгү табылды.

Ал 19-мартта убактылуу иштеп жаткан сулуулук салондон чыккан бойдон дайынсыз жоголгон. Жакындары бул маселе боюнча полицияга кайрылганы менен алар кызды издөөгө шашылышкан эмес.

«Карындашым Медеу райондук полиция департаментине барып, адам дайынсыз жоголгону тууралуу арыз жазууга аракет кылган. Бирок мекеме өкүлдөрү кызматкерлердин көбү митингдеги коопсуздукту көзөмөлдөп жатышканын, кыз жигити же курбулары менен жүрүшү мүмкүндүгүн, жакында кайтып келерин айтышкан», — деди маркум кыздын агасы Алмат Муликов.

Полициядан мындай жооп уккандан кийин Аяжан Едилованын жакындары ыктыярчылардын жардамы менен аны өз алдынча издей башташкан. Алар кызды жеткирген такси айдоочусун таап, видеобайкоо камераларын карап, акыркы жолу анын кайсыл дарекке барганы тууралуу полицияга кабар беришкен.

«Полиция кызматкерлери батирге кирип, кыздын жиликтелген сөөгүн табышты. Шектүүнүн көрсөтмөсүнө ылайык, ал кылмыштын изин жашыруу үчүн кызды жиликтеген. Денесинин айрым бөлүктөрүн Алатау районунун сыртына алып чыгып, таштанды челектерине катып коюуга үлгүргөн. Алар табылып, кошумча соттук-медициналык экспертиза дайындалды», — деди шаардык полиция департаментинин башчысынын орун басары Рустам Абдрахманов.

«Анын тырмактары кесилип, ар бир тиши чагылыптыр. Андан соң шашпастан мууздап, сууга кайнатыптыр. Кыскасы, башынын сөөгү гана калыптыр», — деди кыздын агасы.

Полициянын маалыматына караганда, медициналык билими бар 28 жаштагы шектүү көпкө чейин батирдин эшигин ачпай, күрөө тамырын кесип өз жанын кыюуга аракет кылган. Полиция эшикти сындырып кирүүгө аргасыз болгон. Учурда ал полициянын күчөтүлгөн кайтаруусунда ооруканада жатат.

Маркум кыздын жакындары шектүү үчүн катаал жаза талап кылып жатышат. Алар аны акыл-эси жайында эмес деп таап, жоопкерчиликтен куткарып кетүүлөрү мүмкүн экенине тынчсызданып, өлкө президентине видео кайрылуу жасашты.

XS
SM
MD
LG