Мекеменин маалыматына караганда, окуя ишембиге караган түнү Ош базарынын жанындагы Бейшеналиева атындагы көчөдө болгон. Милицияга арыз жазган аял белгисиз адамдар тобу тигүү цехине барып, ал жерде тигилүүчү товарды Орусияга экспорттогон тажик жарандары менен иштешүүнү токтотууну талап кылганына даттанган.
«Дордойдогу» соодагерлер менен ишкерлер ортосундагы пикир келишпестиктин айынан бир нече тигүү цехинин иши үзгүлтүккө учураганын «Азаттык» жакында кабарлаган. Эки тараптын тирешүүсүнө Орусияга кийим ташыган тажикстандык ишкерлердин «Дордойдогу» соодагерлер менен эмес, кийим тигүүчүлөр менен түз иштешип жатышы себеп болгону айтылган.