Ссылки доступа

Душанбеде Орусиядан депортацияланган тажик укук коргоочусу кармалды


Иззат Амон

Орусиядагы эмгек мигранттарынын укуктарын коргоп жүргөнү менен белгилүү тажикстандык укук коргоочу Иззат Амондун жакындары ал Душанбеге келгенде кармалганын, азыр кайсыл жерде экени белгисиз болуп жатканын билдиришти.

Алар укук коргоочунун депортацияланышын жана кармалышын мыйзамсыз деп аташты.

27-мартта Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Иззат Амон «Орусияда жүрүү эрежесин бузганы жана бул өлкөнүн жарандыгын мыйзамсыз алганы үчүн» Москванын Тверь райондук сотунун чечими менен депортацияланып, Душанбеге келгенде алдамчылык айыбы менен кармалганын билдирген.

Укук коргоочунун уулу Мухаммадюсуф Холов атасынын кармалганын ЖМКлардагы кабарлардан укканын, аны көрө электигин билдирди. Мыйзамга ылайык, кармалган адамдын жакындарына бул жөнүндө дароо кабар берилиши керек.

Иззат Амондун Орусияда калган жубайы Сайёра Тагоева күйөөсүнүн укуктарын коргоо үчүн адвокат жалдаганын, «мыйзамсыз аракеттери үчүн» бийликти сотко берүүгө ниеттенип жатканын билдирди. «Бизге Тверь райондук сотунун чечими боюнча даттанууга да мүмкүнчүлүк беришкен жок, бул Орусиянын мыйзамдарына каршы келет. Адвокаттардын жардамы менен укук коргоо органдарына арыз жаздык, бул боюнча бардык тиешелүү органдарга даттанабыз. Күйөөмө карата жасалган иштердин баары мыйзамсыз», — деди Тагоева.

25-мартта Иззат Амондун кесиптештери Москва полициясы аны үйүнөн алып кеткенин билдиришкен.

48 жаштагы Иззат Амон 2000-жылдардан бери Москвада жашайт. 2009-жылы Орусия ТИМине караштуу Дипломатиялык академияны, 2013-жылы Орусия президентинин аппаратынын алдындагы Мамлекеттик кызмат академиясынын аспирантурасын аяктаган.

Иззат Амон Москвадагы Эл аралык адвокаттар бюросунда иштейт жана «Москвадагы тажиктер борбору» уюмун жетектейт. 2019-жылы ал хиджапка тыюу салууну сындап чыкканы үчүн Тажикстанда ага экстремизм беренеси боюнча иш козголгон.

Видео

Видео

Электр тарифи: Бийлик ким канча төлөөрүн аныктады
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00
XS
SM
MD
LG