Расмий маалыматка караганда, Бозоров соцтармактар аркылуу Ташкенттеги «Хазрати Имам» мечити менен Амир Темур көчөсүндө салттуу эмес сексуалдык көз караштагы кишилердин катышуусунда жапырт демонстрация өткөрүүгө чакырган.
ИИМ Бозоров буга чейин да коомдо өзүн алып жүрүү эрежелерин атайлап четке какканын, өзбек калкына туура келбеген видеолорду жайылтып жүргөнүн белгилеген.
«Натыйжада анын чакырыктарын маскарачылык катары эсептеген жарандар 28-мартта Ташкенттеги Амир Темур проспектинде чогулушкан. Алар жапырт башаламандык уюштуруп, коомдук коопсуздукту коркунучка кептешкен. Өз кезегинде укук коргоо органдары ыкчам түрдө башаламандыкты токтотуп, күнөөлүүлөрдү камаган», — деп айтылат видеобилдирүүдө.
28-мартта Амир-Темур көчөсүндө жапон анимеси менен корей поп-музыкасынын күйөрмандары үчүн кезектеги иш-чараны өткөрүүгө камданып жаткан блогер Миразиз Бозоровду белгисиз бирөөлөр токмоктоп кетишкен.
Ал сабалганга чейин жүздөй адам кол салуусу мүмкүн экенин айтып, 28-мартка белгиленген иш-чара болбой калганын билдирген.
Миразиз Бозоров Telegram каналында Өзбекстандын Кылмыш кодексинен «Гомосексуализм» беренесин алып салууга чакырган. Ошондой эле ал президент Шавкат Мирзиеёвди сындап, бийликти коррупцияга айыптап, ачык-айкындуулук камсыз болмоюнча Өзбекстанга насыя берүүнү токтотууга чакырып, Азия өнүктүрүү банкы менен Эл аралык валюта фондуна кайрылган.