Ссылки доступа

БУУ комитети: Казакстандагы оппозициячыл «Правдивая газетанын» жабылышы мыйзамсыз болгон


БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Казакстан сотунун 2013-жылы «Правдивая газета» басылмасын жапкан чечимин мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу «Азаттыктын» казак кызматына укук коргоочу Гүлмира Биржанова билдирди.

«Правдивая газета» басылмасын маркум журналист Розлана Таукина чыгарган.

Биржанованын айтымында, арыз комитетке 2015-жылы берилген, чечим 25-мартта чыккан.

- Комитет Казакстанды авторго кун төлөп берүүгө, сот чыгымдары менен административдик айыппулдарды кайтарууга, гезитти жабуу тууралуу чечимди кайра карап чыгууга чакырган. Мамлекет мындай мыйзам бузууларга жол бербеши керектиги эскертилген, - деди Гүлмира Биржанова.

«Правдивая газетанын» биринчи саны 2013-жылы апрелде чыккан. Алматы соту басылманы өз нускасын жети миңдин ордуна сегиз миң деп көрсөтүп, окурмандарга натуура маалымат берип, мыйзамды бузган деп айыптаган. Алгач үч айга шарттуу түрдө жабылып, ири айыппулдар салынып, 2014-жылы толугу менен ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Акыркы он жылдан бери Казакстанда бир катар оппозициячыл ЖМКлар жабылып, айрымдары «экстремисттик» деп таанылган.

XS
SM
MD
LG