Ссылки доступа

Пандемия маалында казылган кыргыз-тажик чек арасындагы чуңкурлар көмүлүүдө (видео)


Кыргызстандын Арка жана Тажикстандын Хистеварз айылдарынын ортосундагы чек арада казылган чуңкурлар көмүлгөнү менен жашоочуларга ал жерлерден өтүүгө уруксат бериле элек.

Тажикстандын бийлиги чек арадагы мындай чуңкурлар Коронавируска каршы күрөшүү боюнча штабдын буйругу менен казылганын билдирип келсе, айрым тургундар бул аткезчиликти токтотуу максатында жасалганын билдирип жатышат.

Хистеварз айылынын тургундары Кыргызстан менен чек ара ачылбаса да, чуңкурлардын көмүлүшү алардын жашоосун кыйла жеңилдеткенин билдиришүүдө. «Чуңкурлар казылгандан кийин Хоженттен Канибадамга автоунаа менен баруу кымбат жана оор болуп калган. Азыр тургундар айдоо жерлерге эч тоскоолдуксуз өтүп, бензин менен газ үнөмдөлүүдө. Бир жыл бою сапаты начар айланма жолдор менен жүрүп, автоунаалар көп бузула баштаган», — деди айылдын Фуркат Рустамов аттуу жашоочусу.

Анын айтымында, Кыргызстандын Лейлек району менен Тажикстандын Бобожон Гафуров районунун ортосундагы 40 чакырымдан ашкан чек ара тилкесинин 34 чакырымындагы чуңкурлар дале көмүлө элек.

На таджикско-кыргызской границе убирают "заслоны"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:48 0:00

Буга чейин Кыргызстандын Арка айылынын тургундары да тажик айылдары менен жолдор ачылышын күтүп жатышканын билдиришкен. Алардын айтымында, акыркы жылы коңшулар менен болгон соода жүгүртүү азайып, көптөгөн кыйынчылыктарды жаралууда.

«Тажиктер бизден бензин, биз алардан арзаныраак азык-түлүк сатып алып турчубуз. Айыл тургундарынын 80% жакыны аз камсыз болгон. Чек аралар жабылгандан бери жергиликтүү базардан кымбат баада азык-түлүк сатып алууга аргасыз болуп жатабыз», — деген Арал айылынын Туратбек Шабачаев аттуу тургуну.

Жакында тажик бийлиги өлкөдө коронавирус жуктургандардын баары айыкканын билдиргенден кийин чек арага жакын жайгашкан бул айылдардын жашоочуларында өтмөктөр ачылып, соода жанданат деген үмүт пайда болгон.

Кыргыз-тажик чек арасынын узундугу 976 чакырымды түзсө, анын 500 чакырымдан ашыгы гана такталган. Мындан улам аймакта маал-маалы менен жер, суу, чек араны кесип өтүү боюнча чыр-чатактар чыгып турат. Куралдуу кагылыштар болгон учурлар да бар.

XS
SM
MD
LG