Ссылки доступа

Казакстан QazCOVID-in вакцинасы менен эмдөөнү клиникалык сыноо бүтө электе баштайт


Казакстан өз өндүрүшүнөн чыккан коронавируска каршы QazCOVID-in вакцинасы менен эмдөөнү быйыл апрель айында, башкача айтканда клиникалык сыноонун үчүнчү айлампасы бүткөнгө чейин баштайт.

Бул тууралуу 31-августта Биологиялык коопсуздук маселелери илимий-иликтөө институтунун башкы директору Кунсулу Закарья билдирди. Анын айтымында, клиникалык сыноонун үчүнчү стадиясы 9-июлда аяктайт. Андан соң окумуштуулар соңку фазага катышкан үч миңдей ыктыярчынын маалыматтарын иликтеп чыгышат.

Закарья толук иликтөөдөн өтө элек вакцинаны жапырт иммунизация үчүн колдонуу көп өлкөлөрдө тажырыйбаланып келген көрүнүш экенин айтты:

— Көптөгөн өлкөлөрдө биричи жана экинчи фазасы же биринчи фазасы эле сыноодон өткөн вакциналар колдонулат. Саламаттык сактоо министрлиги вакцинаны дагы терең жана кылдат иликтөө үчүн үчүнчү фазасын киргизген, — деди Закарья.

Былтыр Орусия «Спутник V» вакцинасын бардык сыноолордон өтө электе эле колдоно баштаган. Мындай ыкманы батыш медицина коомчулугу сынга алып, бул калк үчүн коопсуз эмес экенин белгилеген. Февралда Lancet журналы «Спутника V» вакцинасынын үчүнчү сыноосунун жыйынтыктарын жарыялап, препарат вирустан 91,6% коргоого кудуреттүү экенин жазган.

Казакстандын вакцинасын сыноого 3 244 ыктыярчы катышкан. Ошол эле маалда бир жарым миңдей киши плацебо алган. Ар бир ыктыярчыга 200 миң теңге (470 доллардын тегереги) төлөнүп берилген.

Казакстан QazCovid-in вакцинасынан эки миллион доза чыгарууну пландоодо. Анын баасы 4,7 доллар болот. Калкты жапырт эмдөө үчүн казак бийлиги «Спутник V» вакцинасын 26 доллардан сатып алууда. Бул арада жакында Орусиянын өзүндө вакцинанын баасы эки эсеге төмөндөтүлдү.

XS
SM
MD
LG