– Мен жашаган көп кабаттуу үйдүн подъездине жыйырмадай киши кирип келип, 40 мүнөттөй мага кыйкырышып, акарат келтиришип, жалган жалаа жабышты. Бирок мен аларды батириме киргизген жокмун, –деди Хидирназар Аллакулов.
Ушул эле күнү «Акыйкат жана өнүгүү» партиясынын активисттерине кол салуу болуп, белгисиз аял менен эркек партиянын кеңсеси үчүн сатылып алынган эмеректерди талкалап кеткен.
Аллакуловдун айтымында, партия жер-жерлерде кол топтоону улантууда. Ал бийликтин чагымына карабай, «Акыйкат жана өнүгүү» 7-апрелге чейин Юстиция министрлигинен каттоодон өтүү үчүн кол топтоого үлгүрөөрүнө ынанууда.
Өзбекстанда расмий түрдө беш партия каттоодон өткөн. Алардын баары бийликчил болуп саналат.