Ссылки доступа

COVID-19: Бишкек шаары «кызыл зонага» киргизилди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Коронавирус күчөп жаткандыктан Бишкек шаары «кызыл зонага» киргизилди. Бул тууралуу эпидемиолог-дарыгер Зуридин Нурматов билдирди.

«Үч күндөн бери Бишкек шаары «кызыл зонада» турат. Чүй аймагы «сары зонага» кирип калды. Калган региондордо абал дурус», — деди Нурматов.

Республикалык ыкчам штабдын 5-апрелдеги маалыматына караганда, соңку суткада Кыргызстанда илдет дагы 139 кишиден аныкталып, бир адам каза тапты. Ал эми бир күн мурда илдеттен төрт адам көз жумган.

Ооруканада 648 адам бул вирус менен алышып жатат. 34 бейтап өтө оор абалда.

XS
SM
MD
LG