Ссылки доступа

Түркияда ачык катка кол койгон 10 адмирал кармалды


Монтрё конвенциясынын Түркиянын коопсуздугу үчүн зарылдыгын белгилеген ачык катка кол койгон отставкадагы он адмирал кармалды. Дагы төрт адам Анкарадагы полицияга чакырылганын «Anadoly» агенттиги кабарлады.

Аскер-деңиз күчтөрүнүн мурдагы жогорку кызмат адамдары баш болгон 104 офицер кол койгон бул ачык кат түрк бийлигинин кооптонуусун жаратты. Президенттин өкүлү Ибрагим Калин бул катта бийликти кулатууну көздөгөн аскердик кутумдун белгилери бар экенин билдирди:

“Кызматынан кеткен аскерлердин төңкөрүштөр маалындагы чакырыкка үндөшкөн бул билдирүүсү менен алар өздөрүн күлкүлүү жана аянычтуу абалга коюп коюшту”.

Прокуратура 4-апрелде кызматынан кеткен адмиралдарга карата “Мамлекеттик коопсуздукка жана конституциялык түзүлүшкө каршы аракет” беренеси боюнча иликтөө иштерин баштады.

Түркия өткөн айда Кара деңизди Мрамор деңизи менен бириктире турган ири каналды куруу планын бекиткен. Түркиянын расмий өкүлү ага аталган конвенциянын шарттары жайылтылбай турганын айткан. Адмиралдардын билдирүүсүндө конвенциянын шарттарын сактоо Түркиянын коопсуздугу үчүн мааниси чоң экени айтылган.

XS
SM
MD
LG