Ссылки доступа

Самаркандда жарыктын өчүшүнө нааразы тургундар жолду жапты, полиция беш кишини кармады (видео)


Өзбекстандын Самарканд облусуна караштуу Пахтачы районунун Сарой айлынын отузга чукул тургуну газ менен электр жарыгына байланыштуу маселелерге нааразылык билдирип, жолду жапты.

«Азаттыктын» өзбек кызматы полиция кеминде беш кишини кармап кеткенин жазды. Окуя 5-апрелде болгон. Райондук полиция кармалгандарга административдик чара колдонуларын билдирди.

Нааразылыкка чыккандардын айтымында, жылдар бою газсыз өмүр сүрүп, тогуз күн жарыксыз калган тургундар маселеге бийликтин назарын буруу үчүн жолду жабууга аргасыз болушкан. Район жетекчилери алар менен сүйлөшүп, көйгөйдү чечүүгө убада берген. Мындан соң тургундар тараган.

– 20 жылдан бери газсыз өмүр сүрүп келе жатабыз. Кишилер ансыз өмүр сүрүүгө үйрөнүп калды. Бирок жарык өчсө, элдин чыдамы түгөнөт. Жарыктын өчкөнүнө дээрлик он күн болду. Себеби бар, кары-картаң, жаш балалуу үй-бүлөлөр бар. Газсыз, жарыксыз өмүр сүрүү кыйын. Электр түйүнүнүн өкүлдөрү келип, трансформатордун бузулганын, ар бир үйдөн 50 миң сумдан ( 5 доллардын тегереги) жыйнай турушканын айтышты. Ошондон кийин жашоочулар ачууланып, нааразылыкка чыгып, жолду жабышты, – деди окуяга күбө болгон жаран.

Райондук электр менен камсыздоо башкармалыгы дүйшөмбү күнү кечке жуук айылга жарык берилгенин ырастады.

Январь айында президент Шавкат Мирзиёев Жизак облусуна барган кезде бир топ киши газ менен электр энергиясынын жоктугуна нааразылыгын билдирип, жолду тоскон. Кийинчерээк полиция беш адамды беш суткага камап, төртөөнө эскертүү берген. Аларга «бийлик өкүлүнүн талабына баш ийбей, каршылык көрсөтүштү» деген айып тагылган.

Кыш мезгилинен бери Өзбекстанда газ жана электр жарыгынын тартыштыгына байланыштуу нааразылык акциялары күчөдү. Аткаминерлер тургундарга көмүр түшүрүп берип, убактылуу чараларды көрүп жатат. Ушул тапта өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында энергетикалык каатчылык уланууда.

XS
SM
MD
LG