Ссылки доступа

Бишкекте өлтүрүлгөн кызды уурдоого шектүүлөрдүн бири кармалды


Р.А
Р.А

Бишкектин криминалдык милициясынын кызматкерлери борбор калаада кызды уурдоого шек саналгандардын бирин кармады. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 29 жаштагы (Р.А.) шектүү колго түшүрүлүп, шаардык милициянын убактылуу кармоочуна жайына киргизилди.

Ошондой эле милициянын ыкчам кызматкерлери кызды уурдоого катышкан дагы эки адам тууралуу маалыматтарды аныктады. Ушул тапта алардын жүргөн жерин аныктоо, кармоо иштери жүрүп жатат.

5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан 27 жаштагы кыздын сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, аны уурдаган деп шек саналган 31 жаштагы киши кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө да бычак сайып каза болгон.

Кыздын дайын-дареги чыкпай жатканы тууралуу маалыматты басылмалар 7-апрелде жазышкан. Баштапкы кабарларга ылайык, 27 жаштагы кызды Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер эч кандай реакция жасашкан эмес.

Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүп жаткан.

Социалдык тармактарда кызды өз убагында издеп таба албаган Ишки иштер министрлигине сын-пикирлер айтылып, Интернет колдонуучулар министр Улан Ниязбековдун отставкасын талап кылып жатышат.

Кыргызстанда ала качуудан коргонууну үйрөткөн оюн чыкты:

XS
SM
MD
LG