Ссылки доступа

Самаркандда нааразы болгон малчылар койлорун райондук акимчиликтин алдына айдап келишти (видео)


Видеотасмадан алынган скриншот
Видеотасмадан алынган скриншот

Самарканд облусунун Нурабад районунда жайыттарынын кооперацияларга берилишине нааразы болгон жергиликтүү малчылар райондук акимчиликтин алдына койлорун айдап келишти.

Малчылардын айтымында, окуя 6-апрель күнү түштөн кийин болгон.

– Бүгүнкү күнгө чейин койлорубузду өз жайыттарыбызда жайып жүргөнбүз. Тургундардын көбү мал чарбачылыгы менен жан багат. Бирок өлкөдө кластерлер (кооперативдер) пайда болгондон кийин жайыттарды пайдаланууга тыюу салынды. Биз жайыттардын кайра бөлүп берилишин талап кылып келдик», — деди жергиликтүү тургандарын бири.

Былтыр күзүндө Жибекчиликти жана Кара-Көл коюн асыроону өнүктүрүү боюнча комитети бир нече фермердик чарбага миң гектардан ашык жерди пайдаланууга берген.

Келишимге ылайык, бул жерге 1450 кой багылышы керек болчу. Бирок иш жүзүндө жайылган мал 4 миңден ашып кетип, бул жергиликтүү тургундардын нааразылыгын жараткан.

– Биздин райондогу жайыттар кластерлерге берилип, ал жерлерге малды акча төлөп же койдун жүнүн берип жаюуга уруксат бар экенин айтышты. Мурда мындай эмес болчу, биз малыбызды эч тоскоолдуксуз жайып келгенбиз. Ошондуктан нааразылык билдирип чыктык», — деди дагы бир жергиликтүү тургун.

Райондук акимчиликтин аты-жөнүн билдиргиси келбеген кызматкеринин айтымында, бул окуядан кийин айрым фермердик чарбалар менен түзүлгөн келишимдер жокко чыгарылды.

Самарканд облусундагы Нурабад району мал чарбачылыгы боюнча Өзбекстандагы алдыңкы райондордун бири болуп эсептелет. Райондук акимчиликтин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө аймакта 100 миңден ашык ири мүйүздүү мал жана 250 миңден көп кой-эчки бар.

Буга чейин президент Шавкат Мирзиёев өлкөдөгү айрым кластерлерде коррупция бар экенин айткан. Бирок азырынча бул системага өзгөртүүлөрдү киргизүү же аны толугу менен жоюу маселеси күн тартибинде жок.

XS
SM
MD
LG