Ссылки доступа

Өзбекстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн 71 кишиден терс таасирлер байкалды


Өзбекстанда бүгүнкү күнгө карата вакцинанын терс таасири 71 кишиден аныкталды. Бул тууралуу Санитардык эпидемиологиялык жыргалчылык жана коомдук саламаттык кызматынын башчысынын орун басары Нурмат Отабеков билдирди.

Анын айтымында, 6-апрелге карата Өзбекстанда 49 200 киши эмдөөдөн өткөн. Алардын ичинен 29 860 адамга AstraZeneca, 19 742 адамга кытай-өзбек биргелешкен ZF-UZ-VAK2001 вакцинасы колдонулган.

71 кишинин: 45,7% дене табы 37,5 градуска чейин көтөрүлгөн, 22,2% денеси талыкшып, ооруксунган, 14,1% ийне сайылган жерлери кычышкан, 11,2% ийне сайылган жер ооруган, 2,2 % ачуусу келип, алсырап жана коркуу сезимдери пайда болгон.

Отабеков кайсы вакцинада терс таасирлер болгонун айткан жок.

XS
SM
MD
LG