Ссылки доступа

Рубль алсырап жаткан маалда Казакстан менен Беларус валюталарынын куну да түшүп кетти


Москваны саясий жана дипломатиялык чакырыктар тооруп турганда орус валютасы доллара карата кунун жоготууда.

Орусия Борбордук банкы акча-насыя саясатын катаалдаштыруу жөнүндө белги бергенине карабай, 7-апрелде рубль америкалык валютага карата беш айдан берки эң төмөнкү минимумга жетти.

Орусия менен чектеш Казакстан менен Беларустун да валюталары алсыроодо.

8-декабрда Казакстан биржа фондунда доллардын орточо курсу 433 теңгени түздү. Ай башында доллар 426,94 теңгеге сатылып жаткан.

Казакстан Улуттук банкы теңгенин курсунун кескин төмөндөшүнө рублдын алсыроосу жана мунайга болгон баанын туруксуздугу себеп болуп жатканын билдирди. Банктын монетардык операциялар департаментинин директору Нуржан Турсунханов орус валютасынын арзандоосун геосаясий, санкциялык тобокелчиликтер артып, рубль облигациясындагы чет өлкөлүк инвесторлор качып жаткандыгы менен түшүндүрдү.

Бул арада беларус рубли да рекордук деңгээлге түшүп, 2,66 долларга бааланууда.

Credit Suisse каржы тобунун талдоочулары рублдын алсыроосуна Чыгыш Украинадагы аскердик эскалация коркунучу да себеп болуп жатканын белгилейт.

XS
SM
MD
LG