Ссылки доступа

БШК: Референдумду шайлоочулардын 79,31% колдоду (видео)


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумдун баштапкы жыйынтыгы тууралуу маалымат берип жатат.

Анын билдирүүсүндө, референдумга 3 606 225 шайлоочунун тизмеси катталган болсо, 21.30га карата добуш берүүгө 1 294 776 киши келди. Бул - шайлоочулардын 35,30% түзөт. Бюллетендердин 1 204 946 жарактуу (93%), жараксызы 89 830 (6,94%) болду.

Жалпысынан Кыргызстанда жана чет мамлекеттердеги добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгы боюнча Конституцияны өзгөртүүнү 1 26 917 шайлоочу (79,31%) колдоду. Каршы добуш бергендер 176 701 кишини же 13,65% түздү.

92% шайлоо тилкелеринен маалыматтар келип түштү. Добуштарды эсептөө уланууда.

XS
SM
MD
LG