«Хумо Медиа» жарнама агенттигинин башчысы Савелий Соколов Ташкенттин борбордук көчөлөрүндөгү 300дөй рекламалык баннеринин алынганын мыйзамсыз аракет катары баалады:
– Кечээ түнү бою өрт кызматынын, ӨКМдин жана Ташкент шаардык акимчилигинин кызматкерлери президенттик трассадагы баннерлерди демонтаж кылышты. Алар бул «жогору жактын буйругу» экенин айтышты. Эч ким себебин түшүндүргөн жок. Азыр Юнусабад, Чилназар жана Ташкенттин башка райондорунун көчөлөрүндө да демонтаж иштери жүрүп жатканы айтылууда. Ишкерлердин укугу бузулуп жатат.
Өзбекстандын Жарнама агенттиктеринин ассоциациясы билдиргендей, Ташкенттин көчөлөрүндө үч миңден ашуун баннер бар. Баннерлердин конструкциясы 2900 доллар турат. Жарнама берүүчүлөр бир баннер үчүн айына 290 доллар төлөшөт. Ишкерлер келишимдер алдын ала түзүлгөнүн, учурда оңбогондой чыгымга учурап жатышканын айтышууда.
Ташкент шаарынын бийлиги бул боюнча түшүндүрмө берген жок.
Ишкерлерлин укугун коргоо менен алектенген ташкенттик активист Умид Муйдинов «вандализм» актысы боюнча бизнес-омбудсменге кайрылууга ниеттенүүдө.
Ташкентте жарнамалык баннерлер былтыр дагы эскертүүсүз алынган. Анда ишкерлер көчөлөргө: «Ар бир жарнамалык каражат жеке менчик болуп эсептелет, ишкерлерге тийишпегиле!» деген социалдык жазууларды илишкен. Мындан соң шаар бийлиги соттун чечимисиз бир дагы баннер алынбай турганын айткан.