Активисттер “экстремисттик уюмдун ишине катышкан” деп айыпталып, камакка алынган Айнур Мырзалиева, Алия Жакупова менен Аскар Каирбектин сүрөтүн жана англис тилинде “саясий туткундарга боштондук” деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушту.
Жарандык активист Марат Мусабаевдин билдиришинче, акция ЕККУнун төрагасы Анн Линденин Казакстанга жасаган сапарын утурлай өтүүдө. Нааразылыктын максаты – Казакстанда адам укуктарынын абалын сынга алган Европарламенттин резолюциясына казак бийлиги көңүл бөлбөй жатканын эске салуу.
Полиция акцияга уруксат берилбегенин айтып, активисттерди тарап кетүүгө чакырды.
ЕККУнун төрагасы, Швеция тышкы иштер министри Анн Линде Орто Азияга болгон сапары учурунда Казакстанга келген.