Ал Кытай бийлиги «ар түрдүү техникалык линиядагы вакциналарды» колдонуу мүмкүндүгүн талкуулап жатканын белгиледи.
Бул кытай аткаминери жергиликтүү өндүрүштөн чыккан вакцина COVID-19 вирусунан анча коргобой жатканын мойнуна алган биринчи учур.
Бул арада Бээжин чет өлкөлөргө, анын ичинде Мексика, Түркия, Индонезия, Венгрия, Сербия, Бразилия жана Чилиге миллион доза вакцина жеткирүү боюнча келишим түзгөн.
Кытайда вакцинанын эки компонентин 35 миллиондой, бир дозасын 65 миллиондой киши алган.
Бразилияда жүргүзүлгөн иликтөөгө ылайык, Sinovac вакцинасы вирустан 50,4 пайыз гана коргойт. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска каршы вакцинанын натыйжалуулугу 50 пайыздан кем болбошу керек деп эсептейт. Маселен, Moderna менен Pfizer-BioNTech вакциналары вирустан болжол менен 95 пайыз коргоого кудуреттүү.