Маалыматка караганда, алар ай сайын партияга мүчөлүк акы иретинде минималдык айлык акынын бир пайызын (0,7 доллар) төлөп берүү боюнча тилкат жазышкан.
«Оздоликке» жашыруун түрдө арызданган кишилердин айтымында, дал ушул төлөм алардын кыжырын келтирүүдө.
Өзбекстандын Либералдык-Демократиялык партиясынын Ташкенттеги кеңсесинин кызматкери жер-жерлерде үгүт иштери башталганын, бирок кишилер партияга өз каалоосу менен мүчө болуп жатышканын айтты.
Өзбекстанда президенттик шайлоо быйыл октябрь айында өтөт. Азырынча бир дагы партия өз талапкерин көрсөтө элек.
Өзбекстандын Либералдык-Демократиялык партиясы 2003-жылы түзүлгөн, расмий сайтында ага канча киши мүчө экени жөнүндө маалымат жок.
2016-жылдагы президенттик шайлоодо аталган партия Өзбекстан президенттигине талапкер катары Шавкат Мирзиёевди көрсөткөн.