Ссылки доступа

Орок: Эркек депутаттарды нааразы кылган 30% квота (жыйнак)


Чөлкөмдөгү ЖМКлар бул материалдарды логотибин сактоо менен бекер колдоно алышат. Директ топтомунан да видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Текебаев 4 млн. сомдон баш тартты. (видео)

- Орок: Эркек депутаттарды нааразы кылган 30% квота. Чүйдүн Сокулук районундагы Орок (Жогорку Орок) айылында айрым эркек талапкерлер жергиликтүү кеңештердеги аялдардын 30% квотасына каршы чыккан. Бул окуя териштирилип жатат. 11-апрелдеги жергиликтүү шайлоодо биринчи жолу республика боюнча аялдардын 30% квотасы колдонулду. Айрым аймактарда аялдар 50 пайызга чейин добуш алган. Шайлоодогу гендердик курам боюнча иликтеген топ маалымат жыйында квотадан тышкары, чоң көрсөткүчтү алган аял депутаттар болгонун белгиледи.(видео)

- Жалал-Абаддагы эмдөө: элдин маанайы. (видео)

- «Өлтүргүңөр келеби? Өлтүргүлө» Түрмөдө активист Токаевге кат жазды. (видео)

- Мина согушунун кесепеттери: майыптар мамлекеттен жардам ала албай келишет. (видео Директ)

- Терезе алдында мүрзөлөр. Алматынын жанындагы айылдын жашоочулары көрүстөнгө сөөк коюуну токтотууну сурашууда. (видео)

- Рахмон фермерлерди орозо кармоодон баш тартууга чакырды. (Настоящее время)​

- Журналисттер Украина менен чектеш жерде жайгашкан орус аскер лагерин көрсөтүштү. (видео Директ)

- Казакстанда эмдөө кандай өтүүдө? (Настоящее время)

- Кубанычбек Жумалиев бюджетке 1 млрд. сом төктү. (видео)

- Ошто шайлоо жыйынтыгына нааразылар акцияга чыкты. (видео)

- “Мармеладовдор” – кыйраган үй-бүлөнүн күзгүсү. Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында орус элинин атактуу жазуучусу Фёдор Достоевскийдин «Кылмыш жана жаза» романынын негизинде сахналаштырылган “Мармеладовдор” аттуу спектакли коюлду. (видео)

- Сиздин сыр сөзүңүз канткенде күчтүү жана мыкты корголгон болот? (видео)

- Алматы менен Нур-Султан ооруканаларында орундар азаюуда. (видео)​

- Эрмитаждан "адепсиз" айкелдерди 18+ залына чыгарууну талап кылышты. (видео Директ)​

- Мекендештердин "Келечек" долбоору: ITни акысыз оку! Америкалык компанияда DevOps-инженер болуп иштеген Айдана Өмүрбаева менен жубайы Сloud-инженер Бакыт Абдишов кыргызстандыктарга ITни акысыз үйрөткөн “Келечек” деген долбоор башташты. Сынактан өткөн катышуучулар алты ай бою маалымат технологиялары багыты менен бирге англис тилин үйрөнүп, дүйнөлүк гигант компанияларда иштеген мекендеш программисттердин шакирттери боло алышат. Америкада IT форумдарын уюштуруп жүргөн, бул багытта кыргыз тилинде блогдорду тарткан жубайлардын демилгеси тууралуу видеодон толук маалымат алыңыз. (видео)

- Бишкекте «Эмгек», Ошто «Ата-Журт Кыргызстан» алдыда. (видео)

- Рахмондун кызы Тажикстандан Орусияга билеттердин сатылышын көзөмөлдөйт. (Настоящее время)​

- Шайлоо жана референдумдагы мыйзам бузуулар. Добуш берүү башталгандан бери Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна отузга чукул маалымат түштү. Бул тууралуу Боршайкомдун мүчөсү, жумушчу топтун мүчөсү Тынчтык Шайназаров билдирди. 12 маалымат текшерилди, калганы боюнча иш жүрүп жатат жана анын жыйынтыгында кошумча чара көрүлөт. (видео)

- Мырзакматов шайлоону катуу сындады. (видео)

- Таштандыдан бюллетендер табылды. (видео)

- Кыргызстандагы референдумдардын таржымалы. Кыргызстанда конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өтүүдө. Бул - эгемендиктин 30 жылдык тарыхындагы тогузунчу жалпы элдик референдум. Мындай элдик добуш берүүлөр буга чейин кандай өткөн жана алардын сабагы эмнеде? (видео)

- Беш балалуу эне элден жардам сурайт. (видео)

- Шинжаңдагы түрмөдө 17 жыл отурган казакстандык: "Мен мекениме кайтканыма бактылуумун". (Настоящее время)​

- Казакстандыктар ээриген кардын кесепети менен күрөшүшүүдө. (видео)​

- Владимир Путин орус мектептеринде мигрант балдардын санынын көбөйүшүнө тынчсыздануусун билдирди. (видео)

- "Озоди" радиосунун материалынан кийин темир буткада жашаган келин батирге көчтү (видео )

- "Бул жерде биздин мал, биздин жашоо бар!" Эки өлкө чек арадагы тилкелерин бөлүшүүдө, жергиликтүү тургундардын пикири кандай? (Настоящее время)

- Эмне үчүн тажикстандыктар акыркы акчасына Орусияга билет сатып алууга даяр? (видео )

- Коронавирус пандемиясы учурунда үй тазалоо идеалары жөнүндөгү роликтер ютубда хит болууда. (видео Директ)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG