Ссылки доступа

УКМК чыккынчылык үчүн шектүүлөрдүн бири Марат Казакпаев экенин билдирди


Мамлекетке чыккынчылык кылууга шектүү катары кармалган эки адамдын биринин аты-жөнү Марат Казакпаев экенин 14-апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) расмий кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, алар ыкчам тергөө иштеринин натыйжасында табылган далилдердин негизинде 13-апрелде кармалышты. Сотко чейинки териштирүүнүн материалдары улуттук коопсуздукка тиешеси бар болгондуктан иш купуялык негизде каралат. Эгер шектүүлөрдүн күнөөсү далилденсе алар 10 жылга эркинен ажыратылышы ыктымал.

УКМК кармалган экинчи адамдын аты-жөнүн ачыктаган жок жана ал тууралуу М.Т. деп гана маалымат берди.

Териштирүү Жазык кодексинин “Мамлекетке чыккынчылык кылуу” деген 307-беренесинин биринчи бөлүгүнүн негизинде жүрүп жатат.

Кыргызстанда Марат Казакпаев деген ат менен саясат талдоочу адам белгилүү.

Казакпаевдин тарапташтары же жактоочулары азырынча атайын кызматтын айыптоосу тууралуу комментарий берише элек.

Кыргызстанда буга чейин дагы "Мамлекетке чыккынчылык кылуу" беренеси менен кармалып, соттолгондор болгон. Алардын бири - өкмөттүк аппаратта иштеген Алтынбек Муралиев 2014-жылы кармалып, 22 жылга соттолгон жана 2019-жылы жатак абакка чыгарылган.

XS
SM
MD
LG