Ссылки доступа

Борбор Азиядагы таасир үчүн күрөш: Түркия Түркмөнстанды кайрадан Түрк кеңешине кирүүгө чакырды


Жапониялык «Nikkei Asia» басылмасы Борбор Азиядагы таасир үчүн Түркия менен Орусиянын ортосундагы атаандаштык күчөп жатканы жөнүндө макала жарыялады. 

Макалада Борбор Азия регионундагы Түрк кеңешинин ролу жана Орусиянын аймактагы мамлекеттер менен жакын мамилесин сактап калуу аракети жөнүндө жазылган.

Ага караганда, Орусия Анкаранын Түрк кеңешин түрк тилүү өлкөлөр менен тыгыз байланышты бекемдөө үчүн курал катары колдонуу аракетине каршы турары белгиленген.

31-мартта Түрк кеңешине кирген өлкө башчылары видеоконференция форматында формалдуу эмес саммит өткөрүшкөн. Кеңештин чакыруусу менен Саммитке түркмөн лидери да катышкан.

Расмий түрдө Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши деп аталган Түрк кеңеши Азербайжандын Нахчыван шаарында 2009-жылы түзүлгөн. Уюмда Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркия бар. Венгрия уюмда байкоочу макамга ээ.

Түркмөнстан бейтарап өлкө катары Түрк кеңешине мүчө эмес. Бирок Түркия президенти Режеп Тайып Эрдогон бул жолугушууда Түркмөнстанды уюмга кошулууга дагы бир жолу чакырган. Түрк президенти былтыр декабрда да Түркмөнстандын эгемендик күнүнө карата түркмөндөргө видеокуттуктоо жолдоп, өлкөнү кеңешке мүчө болууга үндөгөн.

Жапон балсылмасы Анкара Ашхабадды Түрк кеңешине чакырып жаткан маалда, Москва Түркмөнстан менен кызматташуусун жандандырып жатканына көңүл бурган.

Гурбангулы Бердымухамедов 31-мартта Түрк кеңешинин саммитине катышып жаткан учурда, Түркмөнстандын тышкы иштер министри Рашид Мередов жана вице-премьер министр Сердар Бердымухамедов Москвада жогорку кызматтагы орус аткаминерлери менен жолугушкан.

Жолугушууда Медеров орус кесиптеши Сергей Лавровго Орусиянын пандеми учурунда Түркмөнстанга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген. Бул сапардан кийин 9-апрелде түркмөн президенти уулу Сердар Бердымухамедовду түркмөн-орус жана түркмөн-жапон өкмөт аралык түзүмүнүн башчысы кылып дайындаган.

Reşit Meredow COVID-19 garşy göreş ýardamy uçin Orsýete minnetdarlyk bildirdi
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:00:48 0:00

XS
SM
MD
LG